Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте «Ала-Тоо» эс алуу борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Ди-Джей» аталышындагы конкурс өттү. Мэриянын маалыматы боюнча, катышуучулар музыкалык чыгармаларды жана заманбап маданий багыттарды колдонууда жогорку деңгээлдеги чеберчилигин, оригиналдуулугун жана креативдүүлүгүн көрсөтүштү.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча, мыкты натыйжаларды көрсөткөн жеңүүчүлөр аныкталды: алтын медалды Архипов Иван, күмүш медалды Нечаев Евгений, ал эми бронзаны Коньшина Анастасия жеңип алышты.
Мындай иш-чаралар жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, музыкалык маданиятты жайылтууга жана таланттарды ачууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Жаштардын арасында мындай конкурстарды өткөрүү, алардын өз ара байланыштарын күчөтүп, жаңы идеяларды жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.