Бир жылдык эмгек текке кеттиби? «Орто-Сай» базарындагы тартипсиз соода

Бишкектин «Орто-Сай» базарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, мэриянын бир нече кызматкери жумуштан бошотулду, кээ бирлери эскертүү алышты. Шаар жетекчилиги мындай чечимдин себеби катары базарды жакшыртуу үчүн жүргүзүлгөн иштердин натыйжасыздыгын белгиледи. Базар мурдагы абалына кайра кайтып келген.

«Орто-Сай» базары 1982-жылы курулган жана Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан. Базардын аянты 1,68 гектарды түзүп, 617 соода жайына бөлүнгөн. Убакыттын өтүшү менен базарда ар кандай көйгөйлөр пайда болду: тартипсиз соода, базардын ичиндеги жана четиндеги жолдордун начар абалы, мыйзамсыз курулуштардын көбөйүшү.

Өткөн жылы Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев базарды жакшыртуу жана тартипке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырган. Бул алкакта базардын бир нече өтмөктөрү реконструкцияланып, асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, мыйзамсыз сооданы токтотуу жана имараттардын фасаддарын оңдоо боюнча тапшырмалар берилген. Жер пайдалануу боюнча башкаруу 108 мыйзамсыз объектти жойгон, 31 объектты демонтаждаган, 42 баннер жана 8 капиталдык курулуш алынып салынган.

Базарды тартипке келтирүү иштеринин алкагында өрт коопсуздугу жана техникалык стандарттарга ылайык келүү талаптары коюлган. Соода катарларынын ортосундагы тар өтмөктөр өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жаткандыгы белгиленген. Санитардык нормаларга да көңүл бурулган.

Базарды тартипке келтирүү иштеринин жүрүшүндө катуу үй-бүлөлүк калдыктарды сорттоо пункту иштей баштаган. Мэрия бул иштердин бардыгы шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Бирок, мэриядагы акыркы жыйындын жыйынтыгы боюнча, базар кайрадан мурдагы абалына кайтып келгендиги белгиленди. Мэр Айбек Джунушалиев базарды текшерүү учурунда жооптуу кызматкерлердин иши боюнча нааразычылыгын билдирип, контролдун жоктугун сындады. Базардагы тартипсиз соода кайрадан башталды.

«Биз «Орто-Сай» базарына көп жолу барып, тартип орнотуу боюнча тапшырмаларды бердик. Бирок, акыркы жолу барганда, бардык аракеттердин көзөмөлсүз калганын көрдүк. Биз асфальт төшөдүк, аймакты тазаладык, бирок азыр тартипсиз соода кайрадан башталды. Сиздер жоопкерчиликтүү болушуңуздар керек. Эгерде сиздер бул иштерди аткара албай жатсаңыздар, анда арыз жазып, кетишиңиздер керек», — деди мэр.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова базардагы шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, мэриянын жана акимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин айтты. Бишкек — Кыргызстандын борбору болгондуктан, санитардык нормалар бардык базарларда сакталуусу керек.

Мэрия ошондой эле коррупцияга каршы мыйзамдарды катуу сактоо боюнча жетекчилерге эскертүү берди. Шаар курулушу, архитектура, жер мамилелери, муниципалдык сатып алуулар жана башка тармактарда мыйзамдуулукту камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Эгерде жетекчилер өз милдеттерин аткарбаса, алар кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген