Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кадамжай районунда азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Жарманкеге жергиликтүү дыйкандар, фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр катышып, эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер, дан эгиндери жана экологиялык жактан таза айыл чарба товарларын сунушташты.
Жарманкеде говядина 640 сом, баранина 650 сом, картошка болсо 45 сомдон сатылды, бул базар бааларынан кыйла төмөн.
Мамлекетте айыл чарба продукциясынын туруктуу өндүрүшү байкалууда, ошондуктан азык-түлүк жетишсиздиги жок. Мындай жарманкелер калкты керектүү азыктар менен камсыздоодо жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоодо маанилүү роль ойнойт.