Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Орозо айт майрамы Ош шаарында болуп көрбөгөндөй масштабда жана өзгөчө маанайда өттү. Бул чоң салтанаттын демилгечиси жана уюштуруучусу катары белгилүү «Барбол» кондитердик фабрикасы чыгып, шаар тургундарына жана конокторуна чыныгы майрамдык атмосфера тартуулады.

Майрамдык иш-чарага 20 000ге чукул шаар тургундары чогулду. Мынчалык көп адамдын бир жерге топтолушу Орозо айттын биримдик жана достук майрамы экенин дагы бир жолу далилдеди. «Барбол» фабрикасы тарабынан даярдалган программа ар бир келген коноктун көңүлүнөн түнөк тапты.

Майрамдын көркүн «Барболдун» эң таттуу продукциялары ачты. Иш-чаранын алкагында фабриканын атактуу тортторуна, печеньелерине жана башка кондитердик азыктарына акысыз даам татуулар (дегустация) уюштурулду. Айрыкча балдар үчүн акысыз балмуздактар жана ар кандай кызыктуу белектер таратылып, кичинекей коноктордун кубанычына чек жок болду.

Уюштуруучулар заманбап көңүл ачуулар менен бирге улуттук каада-салттарга да басым жасашты. Кыргыздын улуттук оюндары ойнотулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди. Белгилей кетүүчү нерсе, бул майрамда «Барбол» гана эмес, башка ата мекендик өндүрүшчүлөр да катышып, өз продукцияларын сунушташты. Бул — жергиликтүү ишкерлердин биримдигин көрсөткөн жакшы саамалык болду.

Ош шаарынын көчөлөрүндө «Барбол» кондитердик фабрикасынын брендделген өзгөчө кербендери жүрдү. Түрдүү түстөр жана майрамдык жасалгалар менен кооздолгон кербендер шаар ичиндеги ар бир тургунга жакшы маанай жана жылмаюу тартуулады.

«Барбол» кондитердик фабрикасынын жетекчилиги билдиргендей, мындай масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдөгү башкы максат — элдин биримдигин чыңдоо жана балдарга кубаныч тартуулоо. Фабрика мындан ары да социалдык маанидеги жана элге майрамдык маанай тартуулаган долбоорлорду улантууну убада кылат.


«Барбол» — ар дайым сиздер менен бирге!