Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Чүй агроөнөр жай аймагында тазалоо курулмаларын куруу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Курулуш комплекси заманбап канализация системасын камсыз кылып, айлана-чөйрөгө болгон жүктөмдү азайтат. Мындан тышкары, мал чарбачылыгынын продукцияларын (эт, тери, желатин, субпродуктылар) терең кайра иштетүүгө шарт түзөт.
«Кыргыз Агрохолдинг» акционердик коомунун жетекчилиги агроөнөр жай аймагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык координатор болуп саналат. Курулуштун заказчысы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ичине кирген Ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализацияны өнүктүрүү департаменти. Курулуш иштерин China Road компаниясы жүргүзөт, ал долбоорлоо, жабдууларды жеткирүү, монтаждоо жана курулуш иштерин аткарат.
Бул долбоордун ишке ашырылышы аймактын инфраструктурасын бекемдеп, өндүрүштүн коопсуздугун, экологиялык туруктуулугун жана инвестициялык кызыктыруусун жогорулатат.