Ала-Букада Кош-Терек-1 каналы тазаланып жатат

Ала-Бука районундагы айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен сугат мезгилине даярдык көрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө. Учурда Ала-Бука айылында Кош-Терек-1 каналы тазаланып жатат. Бул жерде механикалык жана кол менен тазалоо иштерин уюштуруу менен катар, суу үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бул иш-чаралар фермерлерди сугат суусу менен убагында камсыз кылууга жана жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүгө багытталган. Сугат мезгили айыл чарба өндүрүшүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат, андыктан мындай даярдык иштеринин жүргүзүлүшү айыл чарба секторунун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Суу ресурстарын туура пайдалануу жана фермерлерге колдоо көрсөтүү айыл чарба продукциясын көбөйтүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана экономиканы бекемдөөгө жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген