Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Француз музыканты жана көп аспапта ойноочу Мишель Порталь 90 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал заманбап джаздын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болуп эсептелинет. Порталь 1935-жылы Франциянын түштүгүндөгү Байонна шаарында төрөлгөн. Париж консерваториясында дирижерлук жана классикалык кларнет боюнча билим алган.
Мишель Порталь музыкалык карьерасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде “Victoires de la Musique” сыйлыгын бир нече жолу алган. 1975-жылдан тарта ал кино үчүн музыка жазууга да киришкен. Порталь “Сезар” сыйлыгын үч жолу жеңип алган: 1983-жылы “Возвращение Мартена Герра” фильми үчүн, 1985-жылы “Всадники бури” кинокартиналары үчүн жана 1988-жылы “Поле чести” фильми үчүн.
Анын музыкалык мурасы жана чыгармачылыгы көптөгөн адамдарга таасир эткен, ал француз джаз музыкасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Мишель Портальдын өлүмү музыкалык дүйнө үчүн чоң жоготуу болуп калды.