Тажикстан делегациясы Кохир Расулзоданын жетекчилигинде «Учкун» жана «Кызмат» ишканаларынын иштерин жогору баалады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Адылбек Касымалиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода «Учкун» акционердик коомунун иши менен таанышышты. Бул мекеме президенттин иш башкармалыгына караштуу болуп, мамлекеттик маанидеги басма продукцияларды өндүрөт.

Жетекчилер «Учкун» заводунун басма жана офсет цехтерин кыдырышты. Алар акциздик маркаларды, мамлекеттик документтерди, атайын бланктарды жана мамлекеттик номердик белгилерди даярдоо процессин көрүштү. Ошондой эле, отунду белгилөө жана сапатын контролдоо үчүн жабдуулар менен таанышышты. Учурда «Учкун» заводунда унаа номерлери, айдоочулук күбөлүктөр, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялар толугу менен өндүрүлөт.

Тажик делегациясы паспорт жана башка мамлекеттик документтерди даярдоо боюнча өндүрүш базасына чоң кызыгуу көрсөттү. Андан кийин, Касымалиев жана Расулзода «Кызмат» мамлекеттик мекемесине барышты. Тажик делегациясына калкка көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтар тууралуу маалымат берилди. 2025-жылы «Кызмат» мекемеси 3,9 миллионго жакын мамлекеттик кызмат көрсөттү, анын ичинен 539 миңи онлайн форматта болду.

Өткөн жылы онлайн кызматтардын жаңы түрлөрү, анын ичинде ID-картаны онлайн алмаштыруу, убактылуу каттоо, айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу, унаа жана кыймылсыз мүлк сатып алуу, онлайн ОСАГО жана ЗАГС күбөлүктөрүн онлайн алуу сыяктуу кызматтар ишке киргизилди. Онлайн форматта 149 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырды. Мамлекеттик органдардын документооборотун электрондук форматка өткөрүү жыл сайын 1 миллиард сомго жакын бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

«Кызмат» мекемесинин жетекчилиги калкты тейлөө процессинде жасалма интеллектти киргизүү, «Коопсуз өлкө» долбоору жана башка демилгелер тууралуу маалымат берди. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Кызмат» мекемеси мамлекеттик органдардын ишин системалуу оптимизациялоону улантып, онлайн кызматтардын жаңы муунун киргизип, өлкөнүн санарип экосистемасын кеңейтүүдө экенин белгиледи. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода санарип мамлекеттик кызматтарга кызыгуу көрсөтүп, ведомствонун жүргүзүп жаткан ишин жогору баалады.

Иш сапарынын жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тажрыйба алмашууга даяр экенин билдиришти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген