Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Министерство саламаттык сактоо Кыргыз Республикасынын
Бишкек. 12-февралда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинде цифралдык өнүктүрүү боюнча орун басар министр Темирбек Эркинов менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапанын жолугушуусу өттү. Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча сүйлөшүштү. Атап айтканда, вакциналарды туруктуу жеткирүү, сатып алуу жана бөлүштүрүү механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле иммунизация программасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
ЮНИСЕФ тарабынан муздатуу системасын бекемдөө боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Мисалы, атайын муздатуу жабдыктары менен камсыздоо 80%га жеткен. Ошондой эле вакциналарды медициналык мекемелерге коопсуз жеткирүү үчүн рефрижератордук унаалар жана авто пикаптардын жеткирилиши тууралуу маалымат берилди. Вакциналардын сапаты жана коопсуздугу, сатып алуу жана логистика процессинин санариптештирилиши, заманбап маалыматтык чечимдерди киргизүү, процедуралардын ачыктыгын жогорулатуу жана жеткирүүлөрдү мониторингдөө системасын бекемдөө маселелери да көңүл бурулду.
ЮНИСЕФ Темирбек Эркиновго улуттук вакциналык складды куруу боюнча пландалган колдоолор тууралуу маалымат берди. Анын жалпы бюджети 1,267,000 АКШ долларын түзөт. Тараптар ошондой эле улуттук иммунизация системасын бекемдөө, саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана калкка профилактикалык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча ишке ашырылып жаткан программалар жана долбоорлор боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-2027-жылдарга арналган Биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча өз ара кызыгууну бекемдөө, ошондой эле вакциналарды сатып алуу тармагында техникалык жана эксперттик колдоону кеңейтүү, тажрыйба алмашуу маселелери да каралды.