Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Жогорку сот
Бишкек, 12-февраль, 2026-жыл. Жогорку сотто өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору жана проректорлору менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда сот системасы менен университеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
Жолугушууга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, анын орун басары Нургуль Бакирова, Жогорку соттун аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку соттун алдындагы Жогорку сот мектебинин директору Эркин Токтомамбетов жана Конституциялык соттун аппаратынын жетекчиси Каныбек Масалбеков катышты.
Жогорку сот өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилерин чогултуп, студенттерди ар кандай адистиктер боюнча практикалык даярдоо, биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү жана эксперттик тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулады.
Сот системасынын заманбап талаптарына ылайык, юристтерден тышкары, массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө, бюджеттик пландоо, финансылык көзөмөл, санариптик платформалар, киберкоопсуздук, аналитикалык жана маалыматтык системалар боюнча адистерге да муктаждык бар. Ошондуктан, юриспруденция багыттары жок университеттердин жетекчилери да жолугушууга чакырылган.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, «Ала-Тоо» эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргызстандын эл аралык университетинин, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Борбордук Азиядагы Американын университетинин жана Борбордук Азия университетинин жетекчилери катышты.
Медербек Сатыев сот системасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, келечектеги юристтердин кесиптик көндүмдөрү аудиторияларда гана эмес, реалдуу сот практикасынын шарттарында да калыптаныш керектигин айтты. Ал ошондой эле алдыңкы жогорку окуу жайлары менен системалуу кызматташтык мамлекеттин туруктуу өнүгүшү жана укук системасын бекемдөө үчүн стратегиялык фактор экенин кошумчалады.
Жолугушууда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги механизмдери аныкталды:
– Студенттер үчүн соттордо өндүрүштүк жана дипломго чейинки практика уюштуруу, тажрыйбалуу судьялар жана аппарат кызматкерлеринен менторлорду бекитүү. Студенттер реалдуу процессерге катышып, документтерди даярдоого жардам берип, сот системасынын кесиптик этикасы жана иш стандарттары менен таанышышат.
– Академиялык коомчулук менен судьялар корпусун бириктирген биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды — конференцияларды, тегерек столдорду жана эксперттик талкууларды өткөрүү.
– Жогорку сот менен жогорку окуу жайларынын ортосунда аналитикалык жана методикалык материалдарды алмашуу, билим берүү программаларын актуалдаштыруу жана университеттердин илимий потенциалын жогорулатуу.
– Окуу жайларынын окутуучулары жана кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын ишке ашыруу, юридикалык билим берүүнүн академиялык жана практикалык компетенцияларын интеграциялоого көмөктөшүү.
Медербек Сатыевдин айтымында, келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда жогорку окуу жайларынын жетекчилигинин ролу маанилүү. Ал университеттердин узак мөөнөттүү кызматташтык моделин түзүүдө активдүү позицияны ээлөөсүнө үмүт артып, өз ара жоопкерчилик жана өлчөнүүчү натыйжаларга негизделген кызматташтыкты сунуштады.
Жогорку окуу жайларынын жетекчилери Жогорку соттун төрагасына сот системасынын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү чогулуп, актуалдуу маселелерди талкуулаганы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Жолугушуунун катышуучулары Жогорку сот менен университеттердин ортосунда системалуу кызматташтыкты куруу өлкө боюнча юридикалык кадрларды даярдоодо бирдиктүү мамилелерди түзүүгө негиз түзөрүн, бул болсо сот практикасында жана коомдогу укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатууга оң таасирин тийгизерин белгилешти.
Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен байланыштуу улуттук илимий-практикалык конференция өткөрүү боюнча сунуш киргизишти. Бул иш-чара сот системасынын, илимий коомчулуктун жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда конституциялык өнүгүү, укук колдонуу практикасы жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берет.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, туруктуу диалогду колдоо жана сот системасынын профессионалдык потенциалын бекемдөө боюнча макулдашышты.
Иш-чаранын алкагында Жогорку сот практикалык даярдоо боюнча келишимдерди өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен түздү.
Мындай кызматташтык сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, сот практикасында бирдиктүүлүктү камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын сот системасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого маанилүү кадам болот. Иш-чаранын соңунда бардык өнөктөштөргө сот системасынан эскерүү белектери тапшырылды.