Super 4 Wrestling чемпиондук наам үчүн кимдер күрөшөт – тизмеси

Бишкек шаарында 12-январда Super 4 Wrestling (S4W) эл аралык турнири боюнча маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында спортчулар өз салмак категориялары боюнча расмий салмак өлчөмүн өткөрүшүп, атаандаштары менен “көз караш дуэлдерин” уюштурушту.

Маалымат жыйынына Super 4 Wrestling долбоорунун автору Казимир Байрамуков, Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Улан Султанов жана Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубеков катышты. Улан Султанов турниринин өткөрүлүшү Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, күрөш спорттун өлкөдөгү популярдуулугун жана көптөгөн күйөрмандарды тарткандыгын айтты.

Каныбек Жолчубеков Бишкек шаары спортту өнүктүрүүгө дайыма колдоо көрсөтүп, ири спорттук долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады. Казимир Байрамуков Кыргызстан бул турнири өткөрүү үчүн биринчи орун болуп, жогорку уюштуруу, заманбап инфраструктура жана мамлекеттик деңгээлде күрөштү колдоо менен белгиленгенин айтты. Анын айтымында, мелдештин сыйлык фонду 300 миң доллардан ашат. Super 4 форматы бир салмак категориясында төрт дүйнөлүк деңгээлдеги спортчунун катышуусун камтыйт.

Турнир “Жаштык” спорттук аренасында өтүп, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Монголия, Япония, АКШ жана Болгариянын мыкты күрөшчүлөрүн бириктирет. Эркин күрөш боюнча катышуучулар төмөнкүлөр:

57 кг:
– Гога Дзигуа (Грузия);
– Алиаббас Рзазаде (Азербайжан);
– Начин Монгуш (Россия);
– Бекзат Алмаз уулу (Кыргызстан);

65 кг:
– Тумурочир Тулга (Монголия);
– Абасгаджи Магомедов (Россия);
– Руслан Асиф Абдуллаев (Азербайжан);
– Билол Шарип уулу (Кыргызстан);

74 кг:
– Орозобек Токтомамбетов (Кыргызстан);
– Давид Баев (Россия);
– Иналбек Шериев (Россия);
– Ёсиносукэ Аояги (Япония);

86 кг:
– Азамат Даулетбеков (Казакстан);
– Артур Найфонов (Россия);
– Джаксон Даймин (АКШ);
– Малик Шаваев (Кыргызстан);

97 кг:
– Ризабек Айтмухан (Казакстан);
– Мераб Сулейманишвилли (Грузия);
– Алихан Кцоев (Россия);
– Ахмед Батаев (Болгария).

Грек-рим күрөшүнүн башкы беттешинде Акжол Махмудов (Кыргызстан) жана Айк Мнацаканян (Болгария) жолугушат.

Кыргызстанда спортту өнүктүрүү жана эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча аракеттер күч алууда. Бул сыяктуу турнилер өлкөнүн спорттук имиджин көтөрүүгө жана жаш спортчуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген