Блогер кыз эң уулуу крабды видео үчүн жеп, каза болду

Филиппиндерде фуд-блогер Эмма Амит дьяволь крабын жеп, өмүрүн жоготту. 51 жаштагы Амит достору менен мангров токойго краб жана моллюск издеп чыккан. Ал жыйнаган азыктарын кокос сүтүндө бышырып, бул процессти видео кылып тарткан. Тамактангандан кийин достору менен үйүнө кайтып кеткен. Кийинчерээк Амиттин абалы начарлап, үйүндө эсинен танган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок врачтар аны куткара алган эмес. Досторунун абалына дарыгерлер көз салып жатышат, учурда алар жакшы.

Блогердин өлүмүнүн себептерин полиция териштирүүдө. Алар Амит тамак даярдаган жерди текшерип, дьяволь крабынын панцирлерин тапкан. Бул крабдын эти өтө токсиндүү болуп саналат. Амит жашаган айылдын башчысы Лэдди Геманг, бул жаңылыктан таң калганын билдирди. Ал, Амиттин тажрыйбалуу балыкчы экенин айтып, дьяволь крабынын уулуу экенин билиши керек болчу деп кошумчалады. “Эмне үчүн ал аны жеди? Мени ушул суроо кызыктырат,” – деди Геманг.

Дьяволь крабы (Zosimus aeneus) – корал рифтеринде жашаган, ачык түстөгү панциринде күрөң тактары менен оңой таанылган жаныбар. Анын эти жана панцири күчтүү нейротоксиндерди (тетродотоксин жана сакситоксин) камтыйт, алар бышыруу учурунда жок болбойт. Бул краб Филиппиндердеги эң уулуу жаныбар катары эсептелет.

Мындай окуялар, тамактануу коопсуздугуна көңүл буруунун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Көпчүлүк адамдар экзотикалык тамактарды жеп, алардын коопсуздугун текшербестен, өздөрүн тобокелге салып жатышат. Ошондуктан, жаңы жана белгисиз азыктарды жегенде, алардын уулуулугу тууралуу маалымат алуу зарыл.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген