Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, 2025/2026-жылдарга карата жылуулук камсыздоону туруктуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн бардык пландалган иш-чаралар аткарылган. Бул үчүн «Бишкек ТЭЦ» муниципалдык ишканасына 1 миллиард 230 миллион сом бөлүнгөн. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча 5 энергетикалык казан жана 6 турбоагрегаттын оңдолушу аяктаган, ошондой эле жылуулук жабдууларынын оңдолушу жүргүзүлгөн.
«Бишкектеплосеть» муниципалдык ишканасы тарабынан 4 551 метр жылуулук тармактары оңдолуп, 21 насостук станция жаңыланган. 424 даана клапан жана 1 543 квадрат метр жылуулук изоляциясы алмаштырылган. Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде №3 насостук станциянын курулушу аяктаган, ошондой эле Курманжан-Датка жана Фрунзе көчөлөрүндөгү жылуулук тармактары реконструкцияланган.
«Бишкектеплоэнерго» муниципалдык ишканасы 2025-жылы 9 жаңы газ казанын орнотуп, 2,7 чакырым жылуулук тармактарын алмаштырган. 108 казандык жана 495 жабдууну оңдоп, 5 көмүр казанын реконструкциялаган. Мындан тышкары, «Бишкексельмаш» казандык долбоорунун биринчи этабы аяктап, 6 казан 60 МВт жалпы кубаттуулукта ишке киргизилген.
Мэрия «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен биргеликте шаардагы турак жайларды газдаштыруу долбоорун активдүү ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө 50 миңден ашык абонент газ менен камсыздалган, бул борбордун тургундарынын жашоо сапатын жана ыңгайлуулугун жогорулатууда.