Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын айыл чарба тармагы жаңы өнөктөштүктөрдүн босогосунда турат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
18-21-февралда өтө турган «Агродиалог–2026» агроөнөржай форумунун алкагында 100дөн ашык меморандумга кол коюу пландалууда. Бул келишимдер инвестиция тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жергиликтүү продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.
Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан 2500дөн ашык фермер, ишкер жана адис катышат. Ошондой эле, Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттердин адистери да катышып, агрардык тармактагы эл аралык тажрыйбаны бөлүшөт.
Ирригация системаларын модернизациялоо, жогорку түшүмдүү сортторду киргизүү, мал чарбачылыгындагы инновациялар, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана экспорттук логистиканы кеңейтүү форумдун негизги темаларынын бири болот. B2B форматындагы жолугушуулар түз келишимдерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
Форум Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт, ал эми жыйынтыктоо бөлүгү Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Мындан тышкары, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы боюнча 20 чемпион аныкталат. Эң мыкты фермерлер айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланат.
«Агродиалог–2026» — бул жөн гана форум эмес, айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берген инвестициялык жана экспорттук платформа.
Иш-чарага катталуу үчүн төмөнкү шилтемени колдонсоңуз болот: https://dialog.agro.gov.kg