2026-жылы Бишкектин жаңы генпланын расмий түрдө бекитүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек шаарында 12-февралда өткөн коллегияда мэр Айбек Джунушалиев 2050-жылга чейин шаарды өнүктүрүүнүн жалпы планын иштеп чыккандыгын билдирди. Мэрдин айтымында, бул документ 2026-жылы расмий түрдө бекитилет.

Жалпы план Бишкектин системалуу өнүгүшүнө, заманбап шаар куруу саясатын түзүүгө, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, ошондой эле шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Өткөн жылы шаарды өнүктүрүүнүн ар кандай багыттары боюнча кеңири изилдөөлөр жүргүзүлүп, мамлекеттик органдар жана адистер менен 25 жумушчу жыйын уюштурулган. Мындан тышкары, 500дөн ашык тургундун катышуусунда коомдук угуу өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 729 сунуш жана кайрылуу келип түшкөн.

Генералдык планды кабыл алуу Бишкектин 2050-жылга чейин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн стратегиялык негизин түзөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген