2025-жылы Бишкекте даректүү жардамды 60 миңден ашык адам алды

Бишкекте 2025-жылы 60 миң 472 жаранга 184 миллион 565,2 миң сомдук адрестик жардам көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу жогору, анда 58 миң 805 адам 174 миллион 467,4 миң сомдук колдоо алган. Мэриянын маалыматы боюнча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 130 социалдык келишим түзүлүп, алардын суммасы 19,5 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле, “Социалдык паспорттор” долбоору ишке киргизилип, “SOS – Балдар айылдары Бишкек” фонду менен биргеликте балдары бар аялдарды колдоо боюнча долбоорлор жүргүзүлгөн. Социалдык жардам алууну жеңилдетүү үчүн “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилген.

Билим берүү тармагында 2025-жылы 25 бала бакча трансформацияланып, 7 жаңы бала бакча ачылган. Бул 4 миң 500 балага кошумча орун берди. Муниципалдык менчикке 7 бала бакча өткөрүлүп, алардын 5и райондук билим берүү бөлүмдөрүнө башкарууга берилген. Ошондой эле, 25 мектеп интерактивдүү панелдер менен жабдылган, ал эми окуу китептери кыргыз тилинде 76% жана орус тилинде 67% камсыздалган.

Республикалык тестирлөөдөн 54 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду, алардын 38и Бишкектен, бул 70% түзөт. Бардык мектептерде “тревожные кнопки” орнотулуп, билим берүү мекемелеринде видеокөзөмөл системасы жана жүздү таануу технологиясы колдонулган.

Маданият тармагында 2025-жылы 5 миң 444 маданий иш-чара өткөрүлүп, 902 миңден ашык шаар тургуну катышкан. Арасында “Жаш таланттар” конкурсу, “Наристе” эл аралык балдар фестивалы, Бишкектин III Дельфий оюндары жана “Алга” спорттук комплекси менен стадионунун ачылышы сыяктуу маанилүү окуялар болгон.

Спорт тармагында 2025-жылы 609 спорттук иш-чара өткөрүлүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу 92ге көп. Анын ичинен 197си ар кандай спорт түрлөрү боюнча чемпионаттар жана эл аралык турнилерди камтыйт, ал эми 2024-жылы мындай иш-чаралар 107 болгон.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген