Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Жогорку Кенештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди. Ал Түркияга болгон расмий сапары учурунда өлкөдөгү маанилүү окуялардын болуп өткөнүн жана өзүнө байланыштуу ар кандай сөздөрдүн тараганын белгиледи.
“Мен бир же эки адамга кызмат кылбайм, мен мамлекетке жана элге кызмат кылам. Мени жеке адамдарга байланыштырып коюуга болбойт. Мен мамлекетке жана кыргыз элине кызмат кылам,” – деди ал.
Спикер, кайра шайланып келгенден кийин, маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга салым кошконун, ошондой эле парламенттин саясий туруктуулукту камсыздоодо жана өлкөнүн өнүгүүсүндө чоң роль ойногонун айтты. “Бардык маанилүү жана зарыл мыйзамдар кабыл алынды. Бизде саясий маданият болушу керек,” – деп кошумчалады ал.
Ал ошондой эле, кызматтан кетүү чечими өз ыктыяры менен кабыл алынганын жана ага эч кандай басым көрсөтүлбөгөнүн билдирди.