Сыргабаев: Кытай-Кыргызстан-Узбекистан темир жолу – транзиттик мүмкүнчүлүктүн ачкычы

Кыргызстандын транспорт жана байланыш министри Абсаттар Сыргабаев Стамбулда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун транспорт министрлеринин 2-отурумунда катышты. Бул иш-чарада транспорттук байланыштарды кеңейтүү, логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук тоскоолдуктарды азайтуу жана санариптик технологияларды киргизүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.

Министр өз сөзүндө өлкөнүн «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорунун ишке ашырылышын белгиледи. Ал Кыргызстанда автомобиль жана темир жол тармактарын модернизациялоого, логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө жана транзиттик потенциалды жогорулатууга багытталган инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатканын айтты.

Сыргабаев Кыргызстан транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорго жана демилгелерге катышууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле, министр туруктуу жана «жашыл» транспорт маселелеринин өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын айтты. Кыргызстан экологиялык жактан таза транспорт түрлөрүн өнүктүрүүгө жана транспорт инфраструктурасынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган демилгелерди колдойт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген