Немис логистика боюнча ири компания Rhenus Кыргызстанга кириши мүмкүн

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-февралда Берлинде «Rhenus SE» компаниясынын өкүлү Генрих Керстгенс менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты транспорт логистикасы боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы темир жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү жана заманбап логистикалык, контейнердик борборлорду түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, «Rhenus Logistics» компаниясынын инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы катышуусу жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык кеңешмелерди улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

«Rhenus SE» – Германиянын Хольцвиккеде жайгашкан эл аралык логистикалык топ. Бул компания дүйнөдөгү алдыңкы транспорт-логистикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн катарына кирет. «Rhenus SE» мультимодалдык жүк ташуу, складдык логистика жана жеткирүү чынжырларын башкаруу боюнча комплекстүү чечимдерди сунуштап, 70тен ашык өлкөдө иш алып барат.

Кыргызстан үчүн мындай кызматташтык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген