Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 12-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Али бин Жабир Аль-Марринин ортосунда жолугушуу болду. Жолугушууда кыргыз-катар кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы маселелери талкууланды.
Эки тарап саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, бар болгон келишимдерди ишке ашыруу жолдорун, анын ичинде ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү аркылуу, талкуулашты. Катар тарапка VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу сунушу берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн эл аралык уюмдардагы жемиштүү кызматташтыгы оң мааниде белгиленди.
Тараптар белгиленген маселелерди биргелешип илгерилетүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды сактоого даяр экендиктерин билдиришти.