Джунушалиев: Бишкек инфраструктураны өнүктүрүүгө жүздөгөн миллион доллар тартты

Бишкек шаарында 2025-жылы катуу үй-бүлөлүк калдыктарды кайра иштетүү үчүн экологиялык технологиялык завод ишке киргизилди. Заводдун курулушуна 95 миллион доллар инвестиция жумшалган. Шаар башчысы Айбек Джунушалиевдин билдирүүсүнө караганда, завод жылына 365 миң тонна калдыктарды кайра иштетип, күнүнө 1 миң тонна өндүрөт. Ошондой эле, завод 30 МВт электр энергиясын өндүрүп, шаардагы экологиялык жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого чоң салым кошот.

Азиаттык өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорунун алкагында 120 электробус сатып алынды. Автобус деполорун модернизациялоо жана 85 электрозаряддоо станцияларын орнотуу боюнча курулуш иштеринин баасы 59,55 миллион долларды түздү. Мындан тышкары, Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен «Бишкек автобустары» долбоору ишке ашырылууда. Алгачкы этапта 124 газ менен жүрүүчү автобус сатып алынса, экинчи этапта 2025-жылы дагы 95 автобус алынды. Долбоордун жалпы суммасы 33 миллион евро.

«Ак-Кула» ат майданында жаңы имараттардын комплекси курулууда. Вьетнамдык «РЦА Ливинг» компаниясы менен 300 миллион доллардан ашык суммага келишим түзүлдү. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы тазалоо курулуштарын модернизациялоо боюнча долбоорлор да ишке ашырылууда. Бул долбоорлордун жалпы инвестициясы 56 миллион долларды түзөт.

Шаар башчысы белгилегендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасы үчүн жаңы объектилерди куруу боюнча долбоордук документация иштелип чыгууда. Мындан тышкары, 2,6 миллиард сомдук инвестиция менен апарт-отель жана коомдук-ишкердик борбор куруу пландалууда.

Экологиялык демилгелердин алкагында 48 гектар аянтта заманбап питомник жана жылыжай куруу пландары бар. Долбоордун финансылык көлөмү 1 миллион долларды түзөт. Бишкек шаарын жыл сайын 1 миң дарак жана 800 миң гүлдүн көчөттөрү менен камсыздоо пландалууда. Бул демилге шаардагы жашыл инфраструктураны өнүктүрүүгө, экологиялык туруктуулукту жогорулатууга жана шаарды көрктөндүрүүгө жардам берет.

Ошондой эле, бир катар ири инвестициялык долбоорлор улантылууда. Мисалы, «Hyper Partners» компаниясы 300 миллион доллардан ашык инвестиция менен көп функционалдуу комплекс курууда. «Оптима» турак жай комплексинин курулушу да жүрүп жатат, ал парктар, жөө адамдар үчүн жолдор жана социалдык-мәдени объектилерди камтыйт. Долбоордун финансылык көлөмү 1,2 миллиард сомду түзөт.

Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев төрагалык кылды. Жыйында 2025-жылдагы Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга пландар талкууланды.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген