Бакай-Атин районунда электр өткөргүчтөрдүн аба линиялары оңдолот

Бакай-Атин районунда 29,985 км 10 кВ электр өткөрүү линиялары оңдолуп, жаңыланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги маалымдады. Ошондой эле, 362,982 км 0,4 кВ жана 295,270 км 10 кВ электр линияларын техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Райондун аймагында 40 трансформатор капиталдык оңдолуп, 286 трансформатор пландалган техникалык тейлөөгө алынат. 6,3 км 0,4 кВ электр линиясы өзүн-өзү кармап турган изоляцияланган жипке (СИП-2) алмаштырылат. 158 жыгач опора темир-бетон опораларга алмаштырылат. 9 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, кошумча 2 жаңы трансформатор орнотулат.

Кен-Арал айылында СИП-3 технологиясы менен 4,5 км электр линиясы жаңыланат жана 92 опора алмаштырылат. Кыргызстан айылында болсо 100 метр 10 кВ электр линиясы СИП-3 колдонулуп курулат жана 6 опора орнотулат.

Энергетика тармагындагы мындай жаңылануулар, жергиликтүү калкка электр энергиясын жеткирүүнү жакшыртууга жана туруктуулугун арттырууга багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген