Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте жаштар үчүн стажировка программасы ишке ашырылууда. Бул программа КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулууда. Программа 16 жаштан 35 жашка чейинки жаш адистерди жумушка тартууга мүмкүндүк берет.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, программа талап кылынган кесиптер боюнча кадрларды даярдоого багытталган. Анын алкагында катышуучулар кыска мөөнөттүү окутуудан өтүп, андан кийин ар кандай экономикалык секторлордо, анын ичинде жеке, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда стажировкадан өтүшөт.
Бул программа жумуш берүүчүлөр үчүн бир нече артыкчылыктарды сунуштайт:
– Уюмдун конкреттүү тапшырмаларына ылайык жаш адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү;
– Персоналды издөөгө жана адаптациялоого кеткен чыгымдарды азайтуу;
– Негизги көндүмдөргө ээ болгон мотивирленген жаштарга жетүү;
– Стажерлорду расмий жумушка алуудан мурун баалоо мүмкүнчүлүгү.
Стажировка учурунда мамлекет стажерлорго айына 8 600 сом стипендия төлөйт. Окутуу учурунда да келечектеги жумушчулар үчүн стипендия каралган.
Программа Кыргызстандагы 30 пилоттук шаарда жана райондо иштейт. Жумуш берүүчүлөр катышууга кызыкдар болсо, жергиликтүү жумуш менен камсыздоо кызматтарына кайрылып, арыз берүүгө жана катышуу тартиби тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат. Арызды онлайн режиминде да берүүгө болот.
Бул долбоор жаштардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, жумушсуздукту азайтууга жана жергиликтүү эмгек рыногун бекемдөөгө багытталган. Жумуш берүүчүлөр менен жаш адистердин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылат.