Торобаев: 2025-жылы Кыргызстандын бюджети рекорддук 1 трлн сомго жетет

Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев 10-февралда 2025-жылга карата экономика жана соода министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Ал жыйында 2025-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык туруктуулук, ишенимдүүлүк жана ири өзгөрүүлөрдүн жылы болгонун белгиледи.

Бакыт Торобаев глобалдык чакырыктарга карабастан, өлкөнүн өнүгүүсүн жогору деңгээлде сактап калууга жетишкенин айтты. 2025-жылы коомдук-саясий жана экономикалык туруктуулук камсыздалып, консолидирленген бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашты. Бул мамлекеттин финансылык тарыхында маанилүү этап болуп саналат. 2020-жылга салыштырганда, бюджеттин көлөмү дээрлик беш эсе өстү.

Министр экономиканын структурасындагы сапаттык өзгөрүүлөрдү баса белгилеп, экономика инвестициялык-индустриалдык моделге өтүп жатканын айтты. 2025-жылы ички дүң продукция 11,1% га өстү жана 2 трлн сомго жакын деңгээлге жетти. Бул акыркы жылдардагы туруктуу өсүүнүн натыйжасы.

Экономикалык активдүүлүк өлкөдө кыйла жогорулады. Реформалар жана мамлекеттик колдоо аркылуу социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча маанилүү жетишкендиктерге жетишилди. Мисалы, кайра иштетүү өнөр жайы 2024-жылга салыштырганда 30,1% га өстү. Кызмат көрсөтүү тармагы экономиканын негизги кыймылдаткычы болуп калды, анын көлөмү 1 трлн сомдон ашып, 1 трлн 11,6 млрд сомду түздү.

Курулуш сектору да чоң өсүштү көрсөттү. 2019-жылы курулуштун жалпы көлөмү 172 млрд сом болсо, 2025-жылы 438,4 млрд сомго жетти. Капиталдык инвестициялар да жогорулады, 2021-жылы 6,1 млрд сомдон 2025-жылы 51,9 млрд сомго чейин өстү.

Агроөнөр жайда да туруктуу өнүгүү камсыздалды. 2020-жылы 249,5 млрд сом болгон валдык продукция 2025-жылы 459,7 млрд сомго жетти. Стратегиялык пландоонун алкагында 2030-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасынын иш-чаралар планы кабыл алынды. Бул планда приоритеттүү багыттар жана негизги милдеттер белгиленген.

Туризмди өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. “Ала-Тоо Резорт”, “Чаткал Резорт” жана башка туристтик кластерлерди илгерилетүү маанилүү. “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык зонасын түзүү боюнча иштер улантылууда.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Бакыт Торобаев экономика жана соода министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, приоритеттүү долбоорлорду убагында жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген