Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Ош шаарында жаңы заманбап бала бакча ачылды. Бул бала бакча 280 орунга ылайыкташтырылган жана заманбап стандарттарга жооп берет. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бала бакча кең, жарык топтор, оюн аянтчалары менен жабдылган. Ошондой эле, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мурда бала бакча №70 «Кокум-Бий» 1998-жылы мыйзам бузуу менен жеке менчикке өткөн. Шаарга кайтарылган соң, мэрдин тапшырмасы менен имараттын сырты боёлуп, ички жасалгасы жаңыланып, оюн зоналары курулган.
Ош шаарындагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер улантылат. Жаңы бала бакчанын ачылышы шаардагы билим берүү системасын жакшыртууга жана жаш муундарга жакшы шарттарды түзүүгө багытталган.