Кыргызстандык балык экспортчулары продукциясын Анталияда көрсөттү

Анталияда 4-8-февралда суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана эл аралык аквакультура көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Көргөзмөгө Кыргызстандын балык чарба тармагындагы бир нече компаниялар катышты. Алардын арасында «Аква Пром», «Эфтар Агро Комплекс», «Салих и Ко» жана BioJem заводунун азык-түлүк продукциясы бар. Көргөзмөдө балык, деңиз азыктары, форельдин уругу жана бышырылган балык азыктары, ошондой эле аквакультура үчүн атайын азыктар сунушталды.

Бул семинар биринчи жолу эл аралык көргөзмө менен биргеликте өткөрүлүп, көптөгөн өлкөлөрдөн келген катышуучуларды, илим, бизнес, инвестиция, мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн бир жерге чогултту. Мындай иш-чаралар балык чарба тармагындагы жаңы идеяларды жана технологияларды алмашууга, ошондой эле өнөр жайдын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген