КРда айыл чарба насыяларына электрондук арыз берүү башталды

Кыргызстанда 15-февралдан баштап фермерлер үчүн жеңилдетилген кредиттерди алуу боюнча онлайн каттоо башталат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлик “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” менен биргеликте жеңилдетилген кредиттерди алуу үчүн электрондук кезек системасын ишке киргизүүдө. Бул санариптик механизм министрликтин техникалык оператору “АгроСмарт” тарабынан иштелип чыккан жана i-Dyikan платформасында ишке ашырылат.

15-февралдан тарта фермерлер i-Dyikan платформасында катталып, жеңилдетилген кредит алуу үчүн арыз берүүгө жана банкта кезекке туруп, алыстан иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышат. Каражаттарды берүү белгиленген критерийлер жана жеңилдетилген каржылоо программаларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Цифрдык форматка өтүү фермерлерге өз арыздарын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле i-Dyikan мамлекеттик кызматтарга электрондук түрдө жетүүнү камсыз кылып, алардын алынышындагы бюрократияны азайтат.

Бул жаңылык айыл чарба тармагындагы өнүгүүгө жана фермерлердин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген