Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 13-февралда эл аралык спорттук күрөш боюнча Super 4 Wrestling (S4W) турнири өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Турнир «Жаштык» спорттук аренасында өтүп, көрүүчүлөргө жаңы форматтагы мелдешти сунуштайт. Бир эле салмак категориясында чемпиондук белет үчүн төрт дүйнөлүк деңгээлдеги спортчу күрөшөт.
Сорунга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Монголия, Япония, АКШ жана Болгариянын мыкты күрөшчүлөрү катышат. Бул жылы дүйнөнүн ар кайсы борборлорунда төрт S4W турнири өткөрүү пландалган. Бишкек бул форматтагы эл аралык мелдешти кабыл алган биринчи шаарлардын бири болуп калды.
Турнир 13-февралда саат 16:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.