Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев фермерлерге капельдик жана жаан сугаруу системасына өтүшкөндөр үчүн 2 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилерин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Министрдин айтымында, аталган насыялардын берилиши жакынкы бир айдын ичинде башталат. Ошондой эле, Торобаев Ысык-Көл облусун капельдик сугарууга толугу менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
«Эгер биз капельдик сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө көбүрөөк суу жетет. Эгерде бардык сууну айыл чарба үчүн колдонсок, ал Ысык-Көлгө жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз Ысык-Көл облусун капельдик жана жаан сугарууга толугу менен өткөрүүнү максат кылып жатабыз», – деди министр.
Капельдик сугаруу системасы айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, суу ресурстарын үнөмдөөгө жана экологиялык абалды жакшыртууга жардам берет. Бул технология, ошондой эле, фермерлер үчүн экономикалык жактан пайдалуу болуп, суу жетишсиздигинен улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.