«Үмүт үйү» карылар үйүнө 2 миллион сомдук камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

Бишкектеги «Үмүт үйү» карылар үйүнө 2 миллион сомдук камсыздандыруу сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Эске салсак, 2026-жылдын 6-январында аталган мекеменин паллиативдик бөлүмүндө өрт чыгып, анын натыйжасында эки адам каза болгон.

«Үмүт үйү» 2023-жылдын апрелинен бери Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү департаментинин карамагында болуп, 18 жаштан жогорку курактагы карыяларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кызмат көрсөтөт.

2026-жылдын 11-февралында мэриянын имаратында камсыздандыруу сертификатынын тапшырылышынын аземине мэр Айбек Джунушалиев жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эльдияр Калдарбеков катышты. Мэр Айбек Джунушалиев бул окуянын өз убагында мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн көрсөтүп турганын белгилеп, борбордун коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөөрүн айтты.

2025-жылы Бишкекте 65 989 турак жай жана 49 308 транспорт каражаты камсыздандырылган, анын ичинде 2 337 муниципалдык транспорт каражаты бар. Мындан тышкары, 587 муниципалдык объект толук камсыздандыруу коргоосуна алынган. Шаар башчысынын тапшырмасы менен муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыз кылуу, финансылык тобокелдиктерди азайтуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында Бишкек шаарындагы социалдык өнүктүрүү системасынын бардык мекемелери «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» акционердик коомунда камсыздандырылган. Анын ичинде «Үмүт үйү» да бар.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген