Туризмди өнүктүрүүнүн фондусу 2025-жылдагы жыйынтыктарын жарыялады

Бишкекте бүгүн, 10-февралда, экономика жана соода министрлигинин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргызстандын туризмди өнүктүрүү фондунун 2025-жылга карата отчету угулду. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков жаңы команда келгенден кийин фонддун ишмердүүлүгүн кеңири баалоо жүргүзүлгөнүн, финансылык дисциплинаны күчөтүүгө, чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана каражаттарды артыкчылыктуу багыттарга топтоого басым жасалганын билдирди.

Ал белгилегендей, финансылык контролду күчөтүүнүн натыйжасында фонд 56,1 миллион сомдук дебитордук карызды кайтарып алууга жетишти, анын ичинде Нарын облусундагы жана Тосор айылындагы долбоорлор боюнча насыялардын толук төлөнүшү да бар. Ошондой эле, IT, байланыш жана кошумча кызматтар боюнча операциялык чыгымдар оптималдаштырылып, ресурстарды башкаруунун туруктуу жана ачык моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

«Консолидирленген каражаттар негизги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды. Бүгүнкү күндө 18 Rest Point объектилеринин 11и иштеп жатат, калган 7си даярдык деңгээли жогору. Ош облусунда үч жаңы объекттин курулушу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 4,5 миллион доллардан ашык гранттык каражаттар тартылды», — деди ал.

Адилет Джанузаков ошондой эле фонддун GoBus дочерний компаниясы жарандык транспортту уюштуруп, ири туристтик жана имидждик иш-чараларда логистикалык өнөктөш болуп жатканын билдирди. Учурда шаар аралык ташуулар үчүн электрондук билет системасын киргизүү боюнча даярдык жүрүп жатат.

Фонд улуттук маанидеги долбоорлорду илгерилетүү менен инвестицияларды тартууга жана узак мөөнөттүү экономикалык натыйжа түзүүгө багытталган. «Тамга–Тосор» эл аралык спорттук комплекси боюнча инвесторлор менен активдүү иш алып барылууда, жалпы инвестициялардын көлөмү 100 миллион доллардан ашат. Ошондой эле Baytik Mountain Resort жана Chatkal Mountain Resort долбоорлорун өнүктүрүү улантылууда.

Фонддун жаңы башкаруу модели ресурстарды рационалдуу пайдаланууга, туруктуу инвестициялык шарттарды түзүүгө жана туризмди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өсүшүнүн бир бөлүгү катары өнүктүрүүгө багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген