Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте бүгүн, 10-февралда, экономика жана соода министрлигинин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргызстандын туризмди өнүктүрүү фондунун 2025-жылга карата отчету угулду. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков жаңы команда келгенден кийин фонддун ишмердүүлүгүн кеңири баалоо жүргүзүлгөнүн, финансылык дисциплинаны күчөтүүгө, чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана каражаттарды приоритеттүү багыттарга топтоого көңүл бурулганын билдирди.
Анын айтымында, финансылык контролду күчөтүүнүн натыйжасында фонд 56,1 миллион сомдук дебитордук карызды кайтарып алууга жетишкен, анын ичинде Нарын жана Тосор айылындагы долбоорлор боюнча насыялар толук төлөнгөн. Ошондой эле, IT, байланыш жана кошумча кызматтар боюнча операциялык чыгымдар оптималдаштырылып, ресурстарды башкаруунун туруктуу жана ачык моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк берилген.
«Консолидирленген каражаттар негизги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды. Бүгүнкү күндө Rest Point тармагындагы 18 объекттин 11и иштеп жатат, калган объекттер жогорку даярдык стадиясында. Ош облусунда үч жаңы объекттин курулушу үчүн Дүйнөлүк банктан 4,5 миллион доллардан ашык гранттык каражаттар тартылды», — деди ал.
Адилет Джанузаков ошондой эле фонддун GoBus дочердик компаниясы жүк ташууларды уюштуруп, ири туристтик жана имидждик иш-чараларда логистикалык өнөктөш болуп жатканын белгиледи. Учурда шаар аралык ташуулар үчүн электрондук билет системасын киргизүү боюнча даярдык жүрүп жатат.
Фонд улуттук маанидеги долбоорлорду илгерилетип, инвестицияларды тартууга жана узак мөөнөттүү экономикалык натыйжаларды түзүүгө багытталган. «Тамга–Тосор» эл аралык спорттук комплекси боюнча инвесторлор менен активдүү иш алып барылууда, жалпы инвестициялардын көлөмү 100 миллион доллардан ашат. Мындан тышкары, Baytik Mountain Resort жана Chatkal Mountain Resort долбоорлорун өнүктүрүү улантылууда.
Фонддун жаңы башкаруу модели ресурстарды рационалдуу пайдаланууга, туруктуу инвестициялык шарттарды түзүүгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өсүшүнүн бир кыймылдаткычы катары туризмди өнүктүрүүгө багытталган.