Кытай менен чек арадагы өткөрмө пункттары бир нече күн бою жабык болот

Кытайда Жаз майрамы (Кытай жаңы жылы) белгилениши менен, Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

«Иркештам-автодорожный» өткөрмө пункту 2026-жылдын 15-февралынан 19-февралына чейин, саат 20:00дөн баштап жабык болот. Ал эми «Торугарт-автодорожный» өткөрмө пункту 17-февралдан 20-февралга чейин жабык болот.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү «Иркештам-автодорожный» пункту аркылуу 19-февралда, саат 08:00дө, ал эми «Торугарт-автодорожный» пункту аркылуу 20-февралда, саат 08:00дө кайрадан башталат.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердик менен алектенгендерди мамлекеттик чек араны кесип өтүүнү пландаштырганда бул маалыматты эске алууга чакырат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген