Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 2026-жылы 36 мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Джунушалиев билим берүү министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди. Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу башталды.
Ошондой эле, Саудиянын өнүктүрүү фонду аркылуу кошумча 13 мектеп курулат. Калган 3 мектеп жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынат. Соңку 5 жылда 9 мектеп жана 15 кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилген. Бул кошумча корпусар толук мектептердин көлөмүнө барабар, ошондуктан Бишкекте жалпы 24 мектеп курулганын ишенимдүү айта алам, – деди мэр.
Айбек Джунушалиев белгилегендей, демографиялык өсүү жана ички миграциянын натыйжасында шаардагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын саны кескин көбөйдү. 2019-2020-жылдары шаардык мектептерде 160 миң окуучу билим алса, бүгүнкү күндө алардын саны 275 миңге жетти. Бул демографиялык өсүү жана ички миграциянын жогорулашы менен байланыштуу. Соңку 5 жылда Бишкектеги окуучулардын саны 1,5 эсеге өскөн. Бул чакырыктарга жооп катары инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кеңири иш-чаралар жүргүзүлүүдө, – деди ал.
Мэр ошондой эле, бүгүнкү күндө билим берүү системасы шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат деп кошумчалады.