Москва жана Айтматов райондорунда айыл чарба жарманкеси өттү

Бишкек шаарында өткөн жума соңунда Чүй облусунун Москва районунда жана Талас облусунун Айтматов районунда азык-түлүк жәрмеңкеси уюштурулду. Аталган жәрмеңкелер айыл чарба өнүгүү башкармалыктары жана айыл өкмөттөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Жергиликтүү тургундарга арзан жана туруктуу баада эт, жашылча-жемиштер, ун, май, кант жана башка негизги азык-түлүктөр сунушталды. Жәрмеңкеге жергиликтүү фермерлер жана өндүрүүчүлөр активдүү катышып, өз продукцияларын түздөн-түз, ортомчуларсыз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түз байланыш түзүүгө, ошондой эле азык-түлүк бааларын төмөндөтүүгө шарт түздү.

Иш-чаранын негизги максаты – калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыздоо, социалдык маанилүү азыктар боюнча бааларды туруктуу кармоо жана ички рынокту колдоо. Учурда республика боюнча азык-түлүк коопсуздугу толугу менен камсыздалган. Социалдык маанилүү азык-түлүк запастары жетиштүү, өлкөдө азык-түлүк жетишсиздиги жок. Бул багытта министрлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар рынокту үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, калкты азык-түлүк менен камсыздоо боюнча иштерин улантууда.

Азык-түлүк жәрмеңкелеринин өткөрүлүшү жергиликтүү экономикага да оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүгө жардам берет. Мындай иш-чаралар калк үчүн пайдалуу болуп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген