Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын спортчулары Азия чемпионатында коло медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын физикалык маданият жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады. Нью-Дели шаарында өтүп жаткан чемпионатта Абдураззак Муратов жана Жибек Бекташева Кыргызстандын курама командасына дагы эки коло медаль алып келишти.
ВП-6 (пневматикалык винтовка, микс) дисциплинасында кыргызстандык спортчулар жогорку тактык жана мыкты командалык иштешүүнү көрсөтүштү. Соревнованиянын жыйынтыгы боюнча, Абдураззак Муратов жана Жибек Бекташева 3-орунду ээлеп, континенттик чемпионаттын коло медалдарын утушту. Ошондой эле, Air Rifle (пневматикалык винтовка) дисциплинасында кыздар арасында командалык жарышта кыргызстандык спортчулар 3-орунду алып, коло медалдарды жеңип алышты. Командага Альбина Тулебердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева кирди.
Кыргызстанды Азия чемпионатында 16 спортчу жана 3 машыктыруучу өкүлчүлүк кылууда. Чемпионат 2-февралдан 14-февралга чейин өтүп, жаштар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөрүлүүдө. Бул турнирге 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда.