Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чикагода кыргызстандык Б.Б.нын катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча маалымат берди. Министрлик аталган жарандын туугандары менен жолугушуу өткөргөн. Ошондой эле, Чикагодагы Кыргызстандын башкы консулдугу менен кармалган жаран ортосунда байланыш орнотулган. Телефон аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүдө консулдук-укуктук кеңеш берүү жүргүзүлүп, кийинки кадамдар боюнча сунуштар берилген.
Б.Б.нын кайда кармалып тургандыгы такталгандан кийин, башкы консулдуктун кызматкерлеринин катышуусунда консулдук жолугушуу уюштурулмакчы. Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, жарандын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Кыргызстандык жарандардын коопсуздугу жана укуктары министрликтин негизги приоритеттеринин бири болуп саналат. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө мекендештерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда.