Бишкек туризмди «акылдуу» кылууда. Туристтер үчүн санариптик кызматтар боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүү фондусу жана Бишкек шаардык мэриясынын санариптик технологиялар борбору ортосунда кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул келишим туризм тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган.

Келишимдин негизги багыттарынын арасында туристтерди ташуу, санариптик навигация, туристтик маршруттарды шаардык системалар менен интеграциялоо жана туристтик агымдарды талдоо маселелери камтылган.

Кызматташтык алкагында тараптар туристтер үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү, навигациялык жана маалыматтык чечимдерди киргизүүнү, маршруттарды “акылдуу шаар” системасы менен бириктирүүнү жана биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.

Фонддун өкүлдөрү бул келишим Бишкектин туристтик инфраструктурасын жеткиликтүү, ыңгайлуу жана санариптик кылууга багытталган маанилүү кадам экенин белгилешти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген