Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Манас жана Токтогул райондорунда айыл чарба продукциясынын соода ярмаркасы уюштурулду. Аталган иш-чара айыл өкмөттөрү жана агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундарга арзан жана туруктуу баада эт, жашылча-жемиштер, ун, өсүмдүк майы, кант жана башка негизги азык-түлүктөр сунушталды.
Иш-чаранын негизги максаты – калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыздоо, социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын бааларын туруктуу кармоо жана ички рынокту колдоо. Учурда республикада азык-түлүк коопсуздугу толугу менен камсыздалган. Социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын запастары жетиштүү, өлкөдө азык-түлүк жетишсиздиги жок.
Азык-түлүк коопсуздугу – бул мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылган маанилүү факторлордун бири. Ошондуктан, мындай ярмаркалардын өткөрүлүшү айыл чарба продукциясын элге жеткирүүдө чоң роль ойнойт.