Кыргызстан фасоль, бал, жана кургатылган жемиштердин экспортун Пакистан рыногуна кеңейтет

Бишкекте айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Пакистан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен министрдин орун басары Бектен Бекболотовдун жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар айыл чарба, соода жана халяль-индустрия тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышты.

Айрыкча, кыргыз фасолунун Пакистан рыногуна экспортун кеңейтүү боюнча айыл чарба продукциясынын өз ара соодасын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Пакистан тарап, Кыргызстан менен сүттү кайра иштетүү жана сүт өнөр жайын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, Пакистан техникалык жардам программасы (PTAP) алкагында айыл чарба жана токой чарбасы боюнча кыска жана узак мөөнөттүү окутуу программаларын сунуштады.

Тараптар байланыштуу адамдарды дайындоо, техникалык адистердин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, бал жана кургатылган жемиштер соодасын өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды илгерилетүү жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча эксперттик консультацияларды улантуу боюнча иштерди активдештирүүгө макулдашты. Жолугушуу конструктивдүү атмосферада өтүп, кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон өз ара кызыгууну бекемдеди.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген