Тайланда шайлоолорго байланыштуу алкоголь сатууга убактылуу тыюу салынат

Таиландда парламенттик шайлоолордун эрте өткөрүлүшүнө байланыштуу алкоголь ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу өлкөнүн туристтик полициясы маалымдады. Тыюу 7-февралда, жекшемби күнү, кечки саат 18:00дөн баштап 24 саат бою күчүндө болот.

Бул убакыт аралыгында өлкө боюнча бардык түрдөгү алкоголь ичимдиктеринин сатылышы жана таратуусу тыюу салынат. Минимаркеттер, супермаркеттер, ресторандар, түнкү клубдар жана спирт ичимдиктерин сатууга байланыштуу бардык иш-чаралар бул тыюуга кирет.

Полиция мыйзамды бузгандарга карата жоопкерчилик чаралары бар экенин эскертти: алты айга чейин эркинен ажыратуу, 10 миң батка чейин (болжол менен 314 доллар) айып пул же эки жаза бир эле учурда колдонулушу мүмкүн. Туристтерди жана жергиликтүү тургундарды добуш берүүнүн адилеттүү жана тынч өтүшүнө көмөктөшүү үчүн бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырышты.

Таиландда өкүлдөр палатасынын эрте шайлоолору 2026-жылдын 8-февралына белгиленген. Бул чечим премьер-министр Анутхин Чанвиракундун өтүнүчү боюнча төмөнкү палатанын таркатылышынан кийин кабыл алынды. Добуш берүү күнү өлкөнүн жаңы конституциясын даярдоо боюнча референдум да өтөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген