Сокулуктун курулуштарында чет элдик жумушчуларга профилактика өткөрүлдү

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чет өлкөлүк жарандардын катышуусунда курулуш объектилеринде алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чаралар коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын камсыздоо максатында уюштурулган. Милиция кызматкерлери райондун курулуш аянттарына чыгып, чет өлкөлүк жумушчулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушууларда жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары, миграция нормаларын сактоо, коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле жарандардын укуктары жана милдеттери, мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу кенен маалымат берилди. Жергиликтүү тургундардын тынчтыгын камсыздоо жана эс алуу укуктары боюнча нормаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Мисалы, “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга ылайык, куруучулар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда жарандардын тынчтыгын бузбоо керектиги эскертилип, белгиленген убакыт чектөөлөрүн жана курулуш иштерин жүргүзүү эрежелерин так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Ички иштер бөлүмү мындай алдын алуу иш-чаралары мыйзам бузуулардын алдын алуу, жумушчулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана райондук коомдук тартипти бекемдөө максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген