Ошто мигранттар үчүн чыгуу даярдыгы жана кайра интеграция борбору ачылат

Ош шаарында мигранттар үчүн алдын ала багыт берүү жана реинтеграция борбору ачылат. Бул борбор жарандардын мыйзамдуу жана коопсуз жумуш табуу каналдары тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, алдын ала даярдык программаларын уюштурууга жана маалымат сессияларын өткөрүүгө жардам берет. Ошондой эле, кайра кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоону колдоого алат.

Борбордун ачылышы Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы миссиясы ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында ишке ашырылат. Меморандумду министрликтин орун басары Бакыт Дарманкул уулу менен ЭМУнун өлкөдөгү миссиясынын жетекчиси Серхан Актопрак кол койгон.

Жыйындын жүрүшүндө миграция тармагындагы актуалдуу маселелер, мигранттардын укуктарын жана коргоосун камсыздоо боюнча чаралар, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, Кыргызстан делегациясынын БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 80-сессиясынын төрагасы Анналена Бербоктун жетекчилиги астында өтө турган Эл аралык миграция форумуна катышуусу тууралуу сөз болду. Форумда коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин аткарылышы тууралуу улуттук отчет сунушталат.

Жыйындын жыйынтыгы менен ЭМУнун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Бермет Молдобаева министрликтин “Кызматташтык медалы” менен сыйланды.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген