Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылдын 26-январынан 1-февралына чейин Берлинде өткөн дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышты. Бул көргөзмө дүйнөдөгү эң ири монета көргөзмөсү болуп саналат, анда монета өндүрүүчүлөр, монета сарайлары, улуттук банктар, техникалык адистер, соодагерлер жана нумизматтар катышат. Ар жылы 50дөн ашык өлкөдөн 300гө жакын катышуучу келет.
Улуттук банктын көргөзмөгө катышуусунун максаты – Кыргызстандын тарыхы жана маданиятын улуттук валютасы аркылуу көрсөтүү жана жайылтуу. Көргөзмөдө өлкөнүн тарыхый-мәдени мурасын чагылдырган банкноттор жана коллекциялык монеталар көрсөтүлдү. Атап айтканда, “Тарыхый окуялар”, “Кыргыз каганатынын доору”, “Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери”, “Кыргыздын салттары жана ырымдары”, “Улуттук музыкалык аспаптар”, “Улуттук спорт түрлөрү жана элдик оюндар”, “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары”, “Кыргызстандын кызыл китеби” сыяктуу темалар боюнча сериялар көрсөтүлдү.
Көргөзмөдө улуттук валютанын 30дан ашык банкноту жана коллекциялык монеталары сунушталды. Улуттук банктан билдиришкендей, кыргыз коллекциялык монеталары жана банкноттору нумизматтардын, профессионалдардын жана эксклюзивдүү продукцияга кызыккан көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.