Кыргызстанда ЖМКны каттоо боюнча жаңыланган тартипти бекитиши мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан массалык маалымат каражаттарын каттоо боюнча жаңы жобо коомдук талкууга коюлду. Бул документ, Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында даярдалган. Жобонун негизги максаты – мамлекеттик каттоонун бирдиктүү, ачык жана тартиптүү механизмин түзүү.

Жобонун негизинде, массалык маалымат каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу тартиби, арыз берүүчүлөрдүн укуктук статусу, мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынуучу административдик чечимдердин мөөнөттөрү жана негиздери белгиленет. Ошондой эле, массалык маалымат каражаттарын каттоо үчүн талап кылынган документтердин тизмеси, алардын каралышы, токтотуу же баш тартуу үчүн негиздер, ошондой эле административдик жана соттук тартипте чечимдерге каршы арыз берүү механизмдери көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, массалык маалымат каражаттарын каттоодо алардын түрүнө, таратуу формасына жана чыгарылыш мезгилине жараша айырмаланган мамиле каралган. Бул, өз кезегинде, медиа тармагындагы заманбап шарттарга жана технологиялык нейтралдуулук принципине ылайык келет.

Документ ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын негизги маалыматтарына, анын ичинде аталышына, тилине, таратуу аймагына, негиздөөчүлөрдүн курамына жана тематикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин жөнгө салат.

Министрлик, бул жобонун кабыл алынышы мыйзамдуулукту, укуктук тактыкты жана укук колдонуу практикасынын бирдейлигин камсыз кылууга багытталганын белгилейт. Ошондой эле, бул мыйзам долбоору конституциялык укуктарды, анын ичинде пикир билдирүү жана маалымат таратуу эркиндигин чектебейт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген