Кыргызстан IT, туризм жана кен байлыктарында ири долбоорлорго үмүт артууда – Кыдырбаев

Кыргызстандын негизги максаты – экономикалык өсүштү камсыздоо. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине B5+1 форумунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин секретариатынын жетекчиси Улук Кыдырбаев билдирди. Анын айтымында, бул максатка жетүү үчүн өлкөгө инвестициялар керек.

«Биз өнүккөн мамлекеттер менен тыгыз кызматташып, Кыргызстанга заманбап технологияларды, жабдууларды жана капиталды тартууга аракет кылып жатабыз. B5+1 форматынын мааниси эмнеде? Ортолук Азиядагы ар бир мамлекет 30 жылдан ашык убакыт бою өз алдынча өнүгүп келди, бирок акыркы беш жылда биз биргелешип иштешпесек, дүйнө бизди билбейт деген жалпы түшүнүккө келдик. Биз бириггенде гана ири дүйнөлүк компаниялар бизге кызыгат. Ошондуктан, бул беш өлкө жалпы кызыкчылыктарды алдыга коюп, биригишти. Мындай иш-чаралар мурда Японияда өткөн, эки жыл мурун Алматыда дагы бир форум уюштурулган. Эми ал Бишкекте өтүп жатат», – деди Кыдырбаев.

Ал ошондой эле мындай масштабдуу форумдун негизги максаты – теориядан практикага өтүү экенин белгиледи. Иш-чаранын негизги мазмуну – инвестицияларды биргелешип тартууга убакыт келди. Мындан тышкары, АКШдан ири компаниялар регионго кызыгып, көптөгөн жолугушууларды өткөрүүдө.

«Бул аркылуу конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө технологиялар тармагында ири долбоорлор башталууда. Ошондой эле инвесторлор кен казуу, минералдык ресурстар, IT-сектор, туризм жана саламаттык сактоо тармактарына кызыгып жатышат», – деп кошумчалады секретариаттын жетекчиси.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген