Камчыбек Ташиев Бишкекте жаңы спорт комплексти ачты

Бишкекте жаңы спорт комплекси ачылды.

КРнын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, ГКНБнын жетекчиси Камчыбек Ташиев бүгүн Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин базасындагы жаңы спорт комплекси, жатакана, мечит жана тарбиялык корпусунун ачылышына катышты.

Жаңы комплекстин курамына күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуна, тамактануу зонасы, заманбап жатаканалар, конференц-зал жана окутуу-тренировка иштерин өткөрүү үчүн кошумча жайлар кирет. Күрөш залы грек-рим жана эркин күрөш үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Ошондой эле, комплексте тренировка залдары, атайын спорттук жайлар жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардио зонасы бар.

Колледждин аймагында мечит да курулган. Жаңы медициналык блок жана санитардык бөлүм биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана профилактикалык текшерүүлөрдү өткөрүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган, бул спортчулардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Камчыбек Ташиев жаңы комплекс чемпиондорду даярдоонун борбору гана эмес, ошондой эле ар тараптуу өнүккөн жаштарды тарбиялоонун орду болорун белгиледи. Ал спорт, интеллект жана ден соолук бириккен жерде жаңы жетишкендиктерге жол ачыларын айтты.

Ошондой эле, комплекстин ачылышы региондогу спорттук инфраструктуранын өнүгүшүндө маанилүү кадам болуп, спортчулардын кесиптик даярдыгын жакшыртууга, жаштарды активдүү спорт менен алектенүүгө тартууга жана маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген