Күмүштөр модада: кыргызстандыктар алтынга көбүрөөк инвестиция салып жатышат – «Кыргызалтын» орун басары

Кыргызстанда алтынга болгон суроо-талаптын туруктуу өсүшү байкалууда. Бул тууралуу «Кыргызалтын» акционердик коомунун башкармалыгынын орун басары Арген Жамаев билдирди. Анын айтымында, учурдагы тенденциялар калктын алтынга, инвестициялоо жана акчаны сактоо каражаты катары, болгон кызыгуусунун жогорулаганын көрсөтүүдө.

Компаниянын фирмалык дүкөндөрүндө алтын слитктарынын сатылышы азыркы учурда кайра сатып алуу көлөмүнөн кыйла жогору. Базардагы кырдаалды эске алып, компания кошумча фирмалык дүкөн ачкан. «Кыргызалтын» бул тенденция калктын ишениминин өсүшүн чагылдырат деп белгилейт.

Алтындын баасы эл аралык LBMA биржасынын котировкаларына ылайык аныкталат жана компаниянын ишмердүүлүгүнө көз каранды эмес. Компания калктын мерный алтын слитктарына болгон муктаждыктарын туруктуу жана убагында камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун фирмалык дүкөндөрү Бишкектеги Абдымомунов көчөсүндө, 195-үй жана Манас проспектинде, 30-үйдө жайгашкан.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген