Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарындагы №31 түзөтүү мекемесинде психологдор жана реабилитация жана социалдык адаптация борборлорунун инспекторлору үчүн супервизия өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты – соттолгондор, тергөөдөгүлөр жана кызматкерлер менен иштөөдө адистердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле кесиптик күйүп кетүүнүн алдын алуу жана деңгээлин төмөндөтүү болуп саналат.
Супервизиянын жүрүшүндө катышуучулар практикалык учурларды талкуулап, кесиптик тажрыйба алмашышты. Ошондой эле, пенитенциардык система боюнча психологдук колдоо маселелерин талкуулашты. Иш-чара Психологиялык кызматтын түзүлгөнүнө 3 жыл толушу менен байланыштуу өткөрүлүп, 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты пенитенциардык психолог” сыйлыгы тапшырылды. Бул сыйлык ички кызматтын капитаны Элеонора Эркегуловага жогорку кесиптик деңгээли жана психологдук кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.
Иш-чара “Эл аралык толеранттуулук” фонду тарабынан колдоого алынды.