Европа жана Борбордук Азия жарандык коомдун стратегиялык артыкчылыктарын талкуулады

Бишкекте 6-чы Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы жарандык коомунун форуму өттү. Бул иш-чара жарандык сектордун, эл аралык уюмдардын жана аймактагы мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүн бириктирди. Форумга Европа Комиссиясынын Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Эдуардс Стрипрайс, Кыргызстандын юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, ЮНОПСтун директору Симоннето Силигатто жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү күчөтүү, жаштардын демилгелерин колдоо жана аймакта биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды. Форумдун катышуучулары учурдагы долбоорлордун абалы жана келечеги, жаштардын өнүгүшүнө шарт түзүү жана жарандык коомдун аймактык процесстердеги ролун күчөтүү боюнча чараларды карашты.

Форумдун негизги максаты – негизги чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, ошондой эле тематика боюнча стратегиялык приоритеттерди түзүү болуп саналат. Бул иш-чара жарандык коом, Европа Биримдиги жана өнүктүрүү өнөктөштөрү ортосундагы структураланган диалог жана өнөктөштүк үчүн маанилүү жылдык платформа болуп эсептелет.

Форумдун алкагында цифралдык трансформация, климаттын өзгөрүшү, жаштардын катышуусу, социалдык жоопкерчиликтүү ишкердик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү сыяктуу темалар боюнча регионалдык тематикалык жумушчу топтордун ишмердүүлүгү каралды. Иш-чаранын максаты – диалогдон конкреттүү регионалдык аракеттерге өтүү жана жарандык коомдун уюмдарын Борбордук Азияда туруктуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда күчтөндүрүү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген